kor_shop_orginal

Call Contact the business

kor_shop_orginal Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from kor_shop_orginal, Shopping & retail, 충남 아산시 음봉면 음봉로681번길24 초원 그린타운 아파트 101동 1016 호, Cheonan.

2026. 09. 23.

🇰🇷🍂 Кореяда Чусок майрамы башталды

Чусок — корей элинин эң маанилүү салттуу майрамдарынын бири. Бул күндөрү үй-бүлөлөр чогулуп, ата-бабаларын эскерип, бири-бирине жакшы каалоо айтып, дасторкон жайып, бирге убакыт өткөрүшөт. 🤍

Бул майрам мага да үй-бүлөнүн, жакын адамдардын баркын дагы бир жолу сездирет. Кайсы жерде жашабайлы, майрамдын эң чоң мааниси — үй-бүлө менен бирге болуу, жакындарыбызды баалоо жана шүгүр кылуу. 🤲🏻

🍁 Чусок — мол түшүм, береке жана үй-бүлөлүк жылуулуктун майрамы.

Баарыңыздарга майрамыңыздар кут болсун!
Үйүңүздөрдөн береке, дасторконуңуздардан ырыскы, жүрөгүңүздөрдөн тынчтык кетпесин. 🤍

2026. 09. 10.

Менин эки подружкам бар ❤️
Мен кайда барсам — экөө тең чогуу барышат 😂
Өздөрү жалгыз эч жакка барышпайт,
«Апа кайда — биз да ошол жакта» 😄❤️

Эң таттуу, эң жакын подружкаларым — менин кыздарым 🥹💕

2026. 09. 02.

Бүгүн апамдын туулган күнү… 🤍

Эгер тирүү болгондо,
бармак белем кучак толо гүл көтөрүп… 🌷
«Туулган күнүңүз менен, апа» деп кучактап,
жаныңызда отурмакмын.

Келин болдум, апа болдум, аял да болдум.
Бирок апамдын жанында жүргөн кичинекей кыздын орду башка экен…

Айтчу сөздөрүм, айта турган көп сөздөрүм бар эле,
бирок баары жүрөгүмдө калды…
Апа, сиз менин дубаларымдасыз дайыма. 🤲🏻
Сизди абдан сагындым. Туулган күнүңүз менен, апа… 🤍

2026. 08. 28.
2026. 08. 21.

Үй-бүлө менен 🤍

Үй-бүлөң менен өткөргөн ар бир көз ирмем — өзүнчө бир баалуу эскерүү. 📚🤍

Бүгүн Кореядагы кооз китепканага үй-бүлөбүз менен барып, жагымдуу убакыт өткөрдүк. 🇰🇷✨

Балдар менен жаңы жерлерди көрүп, жаңы таасирлерди чогуу топтоо — биз үчүн эң сонун эскерүүлөрдүн бири. 🥰

2026. 08. 03.

Жай — бул жөн гана мезгил эмес, бул үй-бүлө менен өткөрүлгөн баалуу көз ирмемдер. Ар бир күнүңүздөр кубанычка, тынчтыкка жана унутулгус эскерүүлөргө бай болсун! ☀️💙🌊

2026. 07. 31.

Архивден…

Бул сүрөттөрдү көргөн сайын көзүм эмес, жүрөгүм жылмайат.

Анткени бул жерде жасалма эмес бакыт бар.
Тынчтык бар.
Үй-бүлө бар.
Үмүт бар.

Жашоо миң сыноо алып келиши мүмкүн.
Бирок үйүңө кайтып келгенде сени күтүп турган адамдар болсо — сен чындыгында бай адамсың.

«Раббим, бизге жубайларыбызды жана урпактарыбызды көзүбүздүн кубанычы кылып бер…» 🤍

🤲 «Раббана хаб лана мин азважина ва зуррийятина куррата аъюнин важъальна лиль-муттакина имама.» (Фуркан, 74)

Address

31416
Cheonan
충남 아산시 음봉면 음봉로681번길24 초원 그린타운 아파트 101동 1016 호

Telephone

+821077664390

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when kor_shop_orginal posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to kor_shop_orginal:

Shortcuts

Share